super.kg logo

Орусияда кыргызстандык белгилүү жазуучуну сабап өлтүрүүгө шектелип кармалды

 

Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык 39 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиянын басылмалары жазышты.

Андагы маалыматка караганда, мас абалдагы жаран 19-октябрда Москва шаарында жайгашкан турак үйгө мыйзамсыз кирип, үйдөгү 78 жаштагы аялга кол салган. Аялдын башына жана денесине бир нече жолу сокку урулган. Көп өтпөй жабырлануучу алган жараатынан улам шаардык ооруканалардын биринде каза болгон.

Укук коргоо органдары каза болгон аял 78 жаштагы жазуучу, Борис Щукин атындагы театралдык окуу жайдын мурдагы мугалими Раиса Кирсанова экенин такташкан.

"Борбор калаанын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү шектүү катары 1985-жылы туулган Кыргыз жаранын кармашты. Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Бейбаштыктан улам адам өлтүрүү) жана 139-беренесинин 2-бөлүгү (Турак жайдын кол тийбестигин бузуу) боюнча айыпталууда", - деп жазылат маалыматта.

Кылмыш ишинин жүрүшү жана жыйынтыгы Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты тарабынан көзөмөлдөнүп жатканы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: