super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдө гидроцикл айдоого тыюу салуу мыйзамы биринчи окууда жактырылды

 

Кечээ, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроцикл) пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, талкуусуз кабыл алынды.

Демилгечилердин бири Элдар Сулайманов белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыкты.

Депутат мыйзам долбоорун демилгелөөнүн себеби – акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору комитетте каралып жатканда депутаттардын ортосунда талаш-талкуу жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: