super.kg logo

"Жээнин зордуктап..." Казакстанда убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен шектүү кармалды (видео)

 

Алматы облусунун Теренкара айылында убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен жаран кармалды. Ал өз жээнин зордуктоого шектелип кармалган болчу. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, издөө иштерине милиция, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Анын натыйжасында 1998-жылы туулган Бекарыс Калмырзаев кармалып, кайрадан убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага качып кеткендиги үчүн дагы бир айып тагыла тургандыгы кошумчаланган.

Белгилей кетсек, 21-октябрда казак полициясы шектүү жаран качып кеткендигин билдирип, Талгар шаарында унааларды тинтүүгө алган. Анын натыйжасында бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны жаралган.






Казакстанда жээнин зордуктап качып кеткен жаран кармалды.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: