super.kg logo

Президенттин маалымат катчысы Алагөзов мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комментарий берди 

 
"Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 25-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өз социалдык баракчасына жазып калтырды.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин билдирүүсү анын жеке көз карашы.
"Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат.
Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт", - деп билдирген Алагөзов.
Белгилей кетсек, спикер иш-чаралардын биринде сөз сүйлөп жатып мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча өз пикирин айткан. Ал коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: