super.kg logo

Дин комиссиясы эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен "Светтик принципти жана социалдык туруктуулукту бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорлор" темасында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда дин тутуу эркиндигин камсыздоо, светтик принципти бекемдөө, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын катышуучулары диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдү талкуулап, өлкөдөгү туруктуулук жана тынчтыкты камсыздоо максатында биргелешкен иш-аракеттердин зарылдыгын белгилешти.

Соңунда эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү коомдогу светтик негиздерди жана диндер аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга жана мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: