super.kg logo

Дин комиссиясынын жетекчиси Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 

Бүгүн, 25-октябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана Медина шаарындагы Пайгамбар мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будаир менен жолугушту.

Дин комиссиясынан билдиргендей, жолугушууда Юсупов Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, ислам жаатындагы диний уюмдарга токтолуп, Сауд Арабия тарабынан көрсөтүлгөн кайрымдуулук иштери жана ажылыкты уюштурууну жакшыртуу боюнча тыгыз кызматташуу болуп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн кызматташуусу жылдан-жылга өнүгүп бара жатканын жана мындан ары дагы жогорку деңгээлге жеткирип, кызматташууга даяр экендигин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: