super.kg logo

БУУнун баш катчысы Путинди Кара деңиз боюнча сүйлөшүүгө чакырды

 

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Орусиянын президенти Владимир Путин Казанда БРИКС саммитинде эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу БУУнун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Гутерриш Украина маселесиндеги позициясын дагы бир жолу баса белгилеп, өлкөнүн басып алынышы БУУнун уставына жана эл аралык мыйзамдарга каршы келерин айтты.

БУУнун баш катчысы ошондой эле Кара деңизде кеме жүрүү эркиндигин сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи.

"Башкы катчы бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн улантылышын толугу менен колдойт жана Түркияга терең ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Лидерлер Украина маселесине кошумча катары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна да токтолушту. Газада жана Ливанда ок атышууну токтотууга жетишүү, ошондой эле аймактагы чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөө зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Казанда Владимир Путиндин төрагалыгы алдында БРИКСтин 16-саммитинин кеңейтилген жыйыны өттү. Саммитке БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш баш болгон 22 мамлекет башчысы жана эл аралык уюмдардын алты жетекчиси катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: