Эмгек министри Орусиядагы кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакырды



Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Москва шаарында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга Кыргызстандагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү, түзүлүп жаткан жумуш орундары тууралуу маалымат бергенин министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Жылдын аягына чейин 250 миң жумушчу орун түзүлөт. Эмгек акы бардык тармактарда, биринчи кезекте жеңил өнөр жай, курулуш тармагында өсүүдө. Эмгек министрлиги өз ишин ачууну көздөгөндөргө олуттуу колдоо көрсөтүүдө", - деген Полотова.
Ошондой эле министр диаспора өкүлдөрү менен миграция чөйрөсүндөгү бир катар маселелерди талкуулап, Орусиядагы Кыргызстандын жарандарын ал өлкөнүн мыйзамдарын урматтоого жана так сактоого чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.