super.kg logo
  Саясат  

"Кийинки жылы курулуп бүтөт". Каныбек Туманбаев "автовокзалдын абалы ушулбу" дегендерге жооп берди

 
Бишкек шаарында жаңы автобекет курула баштады. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына жазды.
Анда ал жаңы автобекеттин эскиздери менен бөлүшүп, курулуп жаткан автобекет бир жыл аралыгында элге бериле турганын билдирген.
"Урматтуу туугандар, Бишкек шаарынын жашоочулары. Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле “кокуй, автовокзалдын абалы ушулбу!” деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар.
Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды айрымдар бурмалап, тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят, туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы?! Сабыр кылып турсаңыздар, президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар", - деп жазган ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: