super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

 

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеште Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун туугандары жана жакындары катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө төрага Нурланбек Шакиев, мамлекеттик ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Зайнидин Курманов XX кылымдын 20-жылдарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбеков кирген интеллигенциянын алдыңкы бөлүгү өзгөчө салым кошконун баса белгилешти.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков мындан 100 жыл мурда тарыхый окуялар орун алып, анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон доордун көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери өзгөчө роль ойногонун, анда Иманалы Айдарбеков көрөгөч жана акылман саясатчы болгонун, анын мезгилинде жарым жыл ичинде мамлекеттик органдарды түзүүдө, административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда маанилүү кадамдар жасалганын белгиледи. Ал жаш муундарды мекенчилдик духта тарбиялоо максатында Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын ишмердүүлүгү тууралуу материалдарды окуу программасына киргизүүнү сунуштады.

Иманалы Айдарбековдун небереси Зифаргүл Айдарбекова өз сөзүндө Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине же районуна Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу маселесин көтөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: