super.kg logo

Бишкектеги базарларда иштеп жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталды

 

Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, эмгекке тартылган балдарды аныктоо, ошондой эле түнкүсүн ата-энесинин же алардын ордундагы адамдардын коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Рейд эки этап менен жүргүзүлдү. Ак-Босого конушунда, Кудайберген, Сары-Өзөн, Азиз базарларында, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндө.

Ак-Босого конушундагы түнкү рейддин натыйжасында түн ичинде ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосу жок жүргөн 12 жашы жете элек өспүрүм аныкталды, базарларда иштеген 4 жашы жете элек өспүрүм аныкталган.

Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң мыйзамдуу өкүлдөргө өткөрүлүп берилди.

Бардык аныкталган жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча протоколдор тузүлдү жана тийиштуу каттар алардын жашаган жери боюнча андан ары профилактикалык иштерди жургузуу жана социалдык жактан колдоо учүн жиберилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: