super.kg logo
  Саясат  

Нарынга "Тянь-Шань сити" курулат. Акылбек Жапаров капсула салды (фото) 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Теңир-Тоо Сити”( “Тянь-Шань Сити”) турак жай комплексине, ошондой эле Нарын шаарындагы Калкты тейлөө борборунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

“Бүгүн биз төрт заводду, ошондой эле турак жай комплексин жана калкты тейлөө борборун куруу үчүн капсула салдык. Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жашоочуларды турак-жай менен камсыз кылуу жана шаардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында жер бөлүнгөн, куруучу – Кашкар шаарынан “Цзиньюань Фанди” курулуш компаниясы. Турак жай комплекси он кабаттуу 6 блоктон турат. Компания өкүлдөрү бир жылдын ичинде сапаттуу, заманбап турак жайларды куруп бүтүрүүгө убада беришти. Мындан тышкары, ушул эле компания бардык мамлекеттик кызматтарды камтыган административдик имаратты куруп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Жапаров андан ары “Нарын-Реновация” долбоорунун алкагында Нарын шаарында Чыгармачыл демилгелердин инновациялык борбору, жаңы автобекет, балдардын оюн-зоок борбору жана башка объектилер курула турганын айтты.

Мындан тышкары, ипотекалык насыялоонун алкагында көп батирлүү турак жайларды куруу иштери жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: