super.kg logo

Анкарада теракт жасаган аялдын ким экени аныкталды

 

Түркиянын борбору Анкара шаарындагы заводдо теракт уюштургандардын кимдер экени аныкталы. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдиргенин РИА Новости жазды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кол салган адам Түркияда тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясынын мүчөсү, Минне Севжин Алчичек аттуу аял болгон. Ал укук коргоо кызматкерлери тарабынан теракт болгон күнү эле жок кылынган.

23-октябрда Анкарадан 28 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Кахраманказанда Turkish Aerospace Industries компаниясынын башкы кеңсесинин жанында теракт болгон. Түркиянын TUSAŞ аэрокосмостук компаниясынын объектисинде болгон теракттын натыйжасында 5 адам каза болуп, дагы 22 адам жаракат алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: