super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Оштогу социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун, Ош шаарындагы мектептин жана Кара-Суу районундагы заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.

Алгач Акылбек Жапаров Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында курулушу жүрүп жаткан жалпы билим берүүчү мектепке барды. Баары 625 окуучуга ылайыкташкан мектепти куруунун сметалык баасы 243,5 миллион сом. Эки кабат боло турган мектепте учурда кыш кыноо, электро монтаждоо сыяктуу иштер жүрүүдө.

Ал ошондой эле Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында “Ош таза көмүр” заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Завод көмүрдү тазалоого жана бышык кирпич чыгарууга багытталган, ал ишке киргенден тартып 350 адам жумуш оруну менен камсыз болот.

Андан соң Акылбек Жапаров Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун курулуш иштери менен таанышты. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, курулуш компаниялары тарабынан иштин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Маалым болгондой, 2024-жылы башталган курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

"Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жол шаардын борбору аркылуу өтүп, негизги Ош-Бишкек жолуна альтернатива болот. Унаа жолдун жалпы узундугу 14 чакырымды түзөт, ал төрт тараптуу маршруттук каттам болот, Кара-Дарыя дарыясында 200 метр жана Жазы дарыясында 97 метрди түзгөн 2 чоң көпүрө курулду. Учурда асфальт-бетон төшөө, лотокторду орнотуу сыяктуу иштер уланууда. Пландалган иштердин 85-90 пайызы жыйынтыкталды.

Иштердин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан Акылбек Жапаров тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берип, курулуш компанияларына иштин сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: