"Эми бир жолу". Өзбекстандыктардын Мыктыбек Оролбайга жан үрөп күйөрмандык кылган видеосу тарады
Коңшу өзбекстандык күйөрмандардын кечээ, 26-октябрда Абу-Дабиде өткөн UFC 308 турниринде беттешкен кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбайга жан үрөп күйөрмандык кылган видеосу социалдык тармактарга тарады.
Видео беттештин үчүнчү бөлүгү аяктап калган маалда тартылган. Анда өзбек күйөрмандары кыргыз мушкерине ордуларынан тура калып күйөрмандык кылганы көрүндү.
"Эми бир сокку", "Азамат, өтө мыкты" деп күйөрмандык кылып отурушту алар.
Абу-Дабиде өткөн турнирде Мыктыбек Оролбай польшалык Матеуш Ребецки аттуу мушкер менен кез келди. Кыл чайнашкан беттеште кыргыз мушкери жеңилүү ызасын тартып калган.
Өзбекстандыктар Мыктыбек Оралбайга күйөрмандык кылышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.