super.kg logo

Коркунучтуу катастрофа боло турган өлкөнүн аты аталды

 

Исландияда жанар тоо атылып, коркунучтуу катастрофа болору күтүлүүдө Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Белгиленгендей, кырдаал климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу. Ошол эле учурда кырсыктын убактысын алдын ала айтуу кыйын.

Исландиянын метеорологиялык бюросунун вулканологу Мишель Паркс жанар тоо мөңгүлөр эриген сайын коркунучка кептелип жатканын, ал атылса көзөмөлдөө кыйын экенин белгилеген.

"Мөңгүлөрдүн жана муз катмарларынын чоң салмагы вулкандарды басышы мүмкүн. Муз эриген сайын планетанын сырткы жука катмары алсырап, жер бетинин көтөрүлүшүнө шарт түзөт", - деген ал.

Авторлор азыр Исландияда вулкандык активдүүлүк кескин күчөшү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилешет. Алардын баамында, азыр муз өлкөнүн 34 жанар тоосунун жарымынан көбүн камтыйт, бирок мөңгүлөр тез эрип жатат.

Дүйнөнүн алдыңкы климат таануучулары Атлантика океанындагы негизги агымдардын кыйрашынан улам боло турган кырсык тууралуу эскертүү үчүн ушул аптада Түндүк Европа лидерлерине ачык кат жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: