super.kg logo
  Спорт  

UFC: Мыктыбек Оролбай канча гонорар алганы белгилүү болду

 

Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай Абу-Дабиде өткөн UFC 308 турниринде жалпы 79 миң доллар иштеп тапты. Мындай маалымат чет элдик спорттук телеграм каналдарга жарыяланды.

Ал бул турнирде польшалык Матеуш Ребецки аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен утулуп калган. Эки мушкердин беттеши турнирдеги эң мыкты беттеш болуп табылган.

Жыйынтыгында Мыктыбек Оролбай 79 миң доллар гонорар алса, анын атаандашы 135 миң доллар гонорар алган.

UFC 308 турниринде эң көп гонорарды испаниялык мушкер Илия Топурия алды. Чемпиондук кур үчүн башкы беттеште америкалык Макс Холлоуейди техникалык нокаут менен жеңген Илия Топурия бул турнирде жалпы 2 миллион 440 миң доллар тапкан.

Экинчи орунду Хамзат Чимаев ээледи. Ал бул турнирде 1 миллион 520 миң доллар тапкан. Үчүнчүдө Топуриядан жеңилген Макс Холлоуей турат. Ал бул турнирде 1 миллион 280 миң доллар киреше тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: