super.kg logo

Министрлик Жумгалда жоголгон ата-бала боюнча билдирүү жасады

 

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кетип дайынсыз жоголгон ата менен бала 19-октябрдан бери изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрлик бүгүн, 27-октябрда ӨКМдин 4 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкерлер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышканын билдирди.

"Аталган жарандар ушул жылдын 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 номерине 19-октябрь күнү кабарланган.
Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.
Белгилей кетсек, ӨКМ ири табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда, бийик тоолуу аймактарда, тоолордо ошондой эле суу объектилеринде издөө иштерин атайы эреженин негизинде жүргүзүшөт. Алгач аймак чалгындоого алынып, андан соң кошумча күч жана каражаттар тартылат. Мындан сырткары аба ырайы, сууда издөө ишинде суунун тартылышы жана башка шарттар эске алынат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан жарандын аталаш карындашы окуя тууралуу айтып берген. Анда ал куткаруучулар эч кандай шаймансыз келгенин, тоодон, суулардан өтө албай жатканын айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: