Караколдо ички көчөлөрдүн бири оңдолуп, колдонууга берилди




Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев оңдоп-түзөөдөн өткөн Каракол шаарындагы Иса Күчүков көчөсүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу кечээ, 27-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн 3,6 чакырымына асфальт басылды. Унаа жүрүүчү тилкеси 14 метрди түзөт жана төрт чийиндүү. Мындан тышкары жаңы лотоктор жана бордюрлар орнотулууда.
Эске салсак, министр Абсаттар Сыргабаев август айынын аягында аталган көчөдөгү асфальт төшөө иштери менен жеринен таанышып, ишти мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.