super.kg logo
  Саясат  

Пекинде Борбор Азия мамлекеттеринин парламент депутаттарынын катышуусунда симпозиум өттү

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Айсаракан Абдибаева, Гуля Кожокулова, Султанбай Айжигитов жана Бактыяр Калпаев Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында Пекин шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин парламент депутаттарынын катышуусу менен өткөн Кытай Коммунистик партиясынын 3 күндүк симпозиумуна катышты. Бул туурасында бүгүн, 28-октябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чаранын жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы боюнча пикир алмашкан.

“Парламенттер аралык жана партиялар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Муну менен катар парламенттер жана партиялар ортосундагы тыгыз алака калыптанган кызматташтыкты кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин билдирип, өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган сунуштары менен бөлүшүштү”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: