super.kg logo

Өзбекстанда мурдагы чиновникке ок чыгаргандардын бири кармалды

 

Коңшу Өзбекстанда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Комил Алламжоновго кол салууга шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 26-октябрга караган түнү Кибрай районундагы Ифор көчөсүндө Алламжонов Range Rover унаасында отурган маалда аны көздөй эки адам бир нече жолу ок чыгарган. Окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Атайылап киши өлтүрүүгө аракет кылуу) жана 248-беренеси (Мыйзамсыз ок атуучу куралды жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты жасагандардын бири аныкталып, шектүү катары кармалды", - деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, буга чейин маалымат каражаттары кол салуу 26-октябрда саат 1:30дар чамасында Кибрай районундагы Комил Алламжоновдун үйүнүн жанында болгонун жазып чыгышкан. Анда эки белгисиз адам ал отурган унаага бир нече жолу ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Алламжонов эч кандай жаракат алган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: