super.kg logo
  Саясат  

Байсалов Иньчуань шаарында өткөрүлгөн "Кытай — Борбордук Азия" 11-кызматташтык форумуна катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Нинся-Хуэй автономдуу районунун Иньчуань шаарында өткөрүлгөн “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумуна катышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Байсалов өз сөзүндө бул иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук мамилелердин тереңдешине жана кеңейишине жаңы динамика кошорун билдирди. Ал 11-форумдун “Жалпы үй куруу үчүн жашыл экономиканын өнүгүүсүнө көмөктөшүү” темасынын актуалдуулугун белгилеп, жашыл экономиканы өнүктүрүү туруктуу келечектин зарыл элементине айланып баратканына көңүл бурду.

Кыргыз делегациясынын башчысы ошондой эле Кыргызстанда 2027-жылы пландаштырылган “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин 2023-2027-жылдарга” жана “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору боюнча маселелерди биргелешип илгерилетүү, ошондой эле масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары “Кытай менен Борбордук Азиянын кызматташтыгынын жетишкендиктери” фотокөргөзмөсү менен таанышып, 11-кызматташтык форумунун аллеясында көчөт отургузуу аземине катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: