Жумгалда жоголгон ата-бала: Садыр Жапаров издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Жумгалда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
"Издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды. Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан жарандын аталаш карындашы окуя тууралуу айтып берген. Анда ал куткаруучулар эч кандай шаймансыз келгенин, тоодон, суулардан өтө албай жатканын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

