super.kg logo
  Саясат  

"Чара көрүү керек". Балбак Түлөбаев Ысык-Көл тартылып жатканын айтты

 

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдө жыл сайын суу тартылып бара жатканын билдирди.

Анда депутат суу боюнча жаңы саясатты ишке ашырууда Ысык-Көлгө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, суу топтоочу жайларды курууну токтотууга чакырды.

"Ысык-Көлдүн тургуну катары айтып кетсем, көлүбүз жылдан жылга тартылып бара жатат. Буга чара көрүү керек. Ысык-Көл облусуна чоң-чоң суу топтоочу жайларды курганды токтотушубуз керек. Алар сууну кармап тура беришип, көлгө суу барбай жатат. Тамчылатып сугаруу системасын киргизип, мөңгүлөрдөн аккан суунун бардыгын түз эле көлгө куюш керек" - деди эле өкүлү.

Ошондой эле Балбак Түлөбаев аталган облуста сууну аз сарптай турган өсүмдүктөрдү өстүрүү керектигин кошумчалады.

Ал эми Суу чарба министринин орун басары Алмазбек Сокеев депутаттын бул пикирин колдоп, жакын арада Ысык-Көлдү тамчылатып сугаруу системасына өткөрүү пландалып жатканын айтты.






Депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдө суу жылдан жылга азайып бара жатканын айтты 

Депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдө суу жылдан жылга азайып бара жатканын айтты 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: