Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун айрым чакырымдары убактылуу жабылды

Маалымдалгандай, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда кар жаап, бороон жүрүп жатат.
"Жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 12:00дөн тартып Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Төө-Ашуу ашуусунда да кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.