Рэперлер Ulukmanapo менен Жетиген мушкер Мыктыбек Оролбайга ыр арнады
Белгилүү рэперлер Ulukmanapo менен Жетиген UFC мушкери Мыктыбек Оролбайга ыр арнады. Бул тууралуу алар Instagram баракчасына жазышты.
Ырдын аты “Кыргыз” деп аталат. Анда рэперлер улуттун биримдигин, ынтымагын, кыргыз элинин бай тарыхы бар экенин, жеңилбес эл экенин ырдашат.
Мыктыбек Оролбай дал ушул ыр менен Абу-Дабиде өткөн акыркы "UFC 308" турниринде рингге чыккан.
Анда польшалык Матеуш Ребецки менен кез келип, калыстардын чечими менен утулуп калган.
Ulukmanapo менен Жетиген мушкер Мыктыбек Оролбайга ыр арнады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.