Министр Кулубаев Кореянын элчисин кабыл алды



Бүгүн, 28-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэны кабыл алды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-кореялык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулап, саясий байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сын-пикирлер менен алмашышты.
Кошумчалангандай, жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ченемдик укуктук базасын чыңдоо маселелери да көтөрүлүп, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

