super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтер үчүн визасыз режим киргизди

 

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда айткан.

Байсалов Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилгендигин билдирди. Бул чара элдик дипломатия тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтөт жана Кыргызстандын бүгүнкү күндө эң популярдуу туристтик рыногу үчүн жагымдуулугун жогорулатат.

Ошондой эле жолугушууда алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну талкуулашты.
















 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: