super.kg logo

Жарандарды үй, унаа сатууда жана сатып алууда сом менен накталай эмес гана эсептешүүгө милдеттендирүү сунушталууда

 

Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды кыймылсыз мүлк же унаа сатууда жана сатып алууда накталай эмес түрдө улуттук валюта менен гана эсептешүүгө милдеттендирүүнү сунуштап, Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документте мындай чара сомдун бекемделишине салым кошуп, накталай эмес төлөм жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтө жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайта турганы жазылган. Ошондой эле долбоордо белгиленген өзгөрүүлөрдү бузган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынары көрсөтүлгөн.

"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча ички соода да, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автомототранспорт, кредиттөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөрү байкалууда. Бул биздин улуттук валютага болгон басымдын күчөшүнө шарт түзөт. Насыялоо системасында, бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу системасында өлкөдө чет өлкөлүк валютанын курсунун кескин жогорулашы, же болбосо чет өлкөлүк валютанын курсунун жасалма жогорулашы байкалган учурда жарандарга карыздарды жоюуда кыйынчылыктар көп жаралат", - деп айтылат документтин маалымкат-негиздемесинде.

Буга чейин Улуттук банк улуттук валютада накталай эмес акча которуулар үчүн банктарга комиссия алууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: