super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары аба акробатикасы боюнча байгелүү орундарга ээ болду

 
Кыргызстандык спортчулар аба акробатикасы боюнча Швециянын Упсала шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, мелдештер 23-27-октябрь күндөрү өтүп, ага 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышты.
Анда кыргыз спортчулары 3 алтын жана 3 күмүш медаль жеңип алышты.
Алтын медаль алгандар:
1. Гүлбара Болотова – аба шакек (жаңы дүйнөлүк рекорд менен)
2. Бегимай Болотова – аба шакек
3. Анастасия Ференц – спорттук пилон
Гүлбара Болотова, Бегимай Болотова, Талья Айдарова күмүш медалга (аба шакеги боюнча топтук аткаруу) ээ болушту.
Белгилей кетсек, Алар Яна Сивирина жана Кристина Орозумбекова жетекчилиги алдында мелдешке катышты. Аба акробатикасы Кыргызстанда жаңыдан өсүп келе жаткан спорт түрлөрүнүн бири болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: