super.kg logo

Бишимбаевдин ишин караган судья төш белги менен сыйланды

 

Казакстандын Астана сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Айсулу Сламбекова борбор калаанын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык сотунун төрагасы Айжан Кулбаевага ведомстволук сыйлыкты салтанаттуу түрдө тапшырды. Бул туурасында Tengrinews.kz басылмасы соттун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалымдалгандай, Айжан Кулбаева сот системасындагы көп жылдык үзүрлүү жана кынтыксыз кызматы, ошондой эле аны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку Соттун II даражадагы "Мінсіз қызметі үшін" медалы менен сыйланган.

Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген экс-министр Куандык Бишимбаевдин резонанстуу ишин судья Айжан Кулбаева баштан-аяк карап, аны 24 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: