super.kg logo
  Саясат  

Мас болуп унаа айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айып пул салуу сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев мас абалында унаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айып пул салууну демилгелеп, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Сунуншталган документте ири айып пул салуу мастардын унаа башкаруусун ооздуктоо үчүн жакшы натыйжа болорун белгилеген. Ошондой эле долбоордо ЖКККББ менен Башкы прокуратуранын маалыматтары келтирилип, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу майнап бербей жатканы жазылган.

"Былтыр 7810 жаран мас абалында унаа айдап, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Быйылкы жылы айдоочулук укугунан ажыратылган айдоочулар тарабынан 1577 ар түрдүү укук бузуулар катталган. Бул цифралар өз жаны үчүн гана эмес, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын өмүрү үчүн да жоопкерчилигин баамдоосу үчүн колдонуудагы чаралардын жетишсиздигин күбөлөндүрүп турат", - деп айтылат маалымкат-негиздемесинде.

Андыктан долбоордо мас абалда унаа айдаган жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу каралган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында депутат Азамат Исираилов спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандар үчүн айып пулдун суммасын биринчи жолкуда 50 миң сом, кайталаса 70-100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштаган болчу. Ал мас абалында унаа башкаргандар кылыгын кайра кайталап жатканын негиз келтирип, алардын чөнтөгүнө күч келгидей кылыш керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: