Төө-Ашуудагы оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды
Бүгүн, 29-октябрда Төө-Ашуу ашуусундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигине караштуу "Кыргызавтожол – Түндүк" ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Ошондой эле аталган ишкана айдоочуларга ашуу тилкелерге кышкы дөңгөлөк менен чыгууну жана унаалар арасында 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.
Белгилей кетсек, кечээ 28-октябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна чектөө киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.