Volkswagen заводдорун жабууга, он миңдеген кызматкерлерин жумуштан кетирүүгө аргасыз болууда
Volkswagen үч заводду жабууга жана он миңдеген кызматкерлерин жумуштан кетирүүгө аргасыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Volkswagen компаниясынын эмгек кеңешинин башчысы Даниэла Кавалло европалык эң ири автоконцерн Германиядагы үч заводду жаап, массалык жумуштан бошотууну жана чыгымдарды кыскартууну көздөп жатканын айтты. Бул чаралар атаандаштыкты калыбына келтирүү үчүн көрүлүүдө.
"Учурда Volkswagen компаниясы кытайлык өндүрүүчүлөрдүн катуу атаандаштыгынан улам олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп, эмгек чыгымдарын кыскартууга аргасыз болууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.