super.kg logo

Иран Германиянын жарандыгын алган кишини дарга асты

 

Германиянын жарандыгын алган ирандык Жамшид Шармахд Ирандагы түрмөлөрдүн биринде өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу 28-октябрда Ирандын расмий юстиция порталы билдирди.

Дарга асуу кечээ, 28-октябрда болгон. Укук коргоочулар, өзгөчө АКШда жашаган маркумдун кызы акыркы мүнөттөргө чейин соттолгон адамды сактап калуу үчүн күрөшкөн. Бирок майнап чыккан эмес.

Ал терроризмге айыпталып камакта отурган.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Барбок өлүм жазасын айыптады. Бербок белгилегендей, маселени чечүү үчүн жогорку даражалуу өкүлдөрдүн тобу Иранга бир нече жолу жөнөтүлгөн. Анын айтымында, эми Германиянын жаранын өлүм жазасына тартуу оор кесепеттерге алып келет.

Шармахдын жакындарынын айтымында, ал акыркы бир нече жылдан бери АКШда жашап келген. Ирандын чалгын кызматкерлери аны 2020-жылы Дубайда жүргөн жеринен уурдап кетишкен. Андан кийин Иран бийлиги аны Иранда террордук уюмдардын тизмесине киргизилген "Тондар" оппозициялык тобунун лидери экенин жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: