Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө үчүн кошумча күч жана дрондор тартылды
Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кетип дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө үчүн кошумча күч тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бүгүн, 29-октябрда Өрнөк айылында дайынсыз болуп жаткан эки жергиликтүү тургунду издөө иштерин күчөтүү максатында ӨКМ тарабынан 42 куткаруучу жана 6 дрон жөнөтүлгөн.
Мындан сырткары ИИМден 35 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 87 адам, 6 дрон тартылган.
16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарган кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.