super.kg logo

Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү төлөм экосистемасын түзүшөт: “Элкарт” – UZCARD

 

UZCARD FORUM-2024 алкагында "Банктар Аралык Процессинг Борбору" ЖАКсы (UZCARD, Өзбекстан) Аткаруучу директору Олимжон Закиров жана "Банктар Аралык Процессинг Борбору" ЖАК башкармалыгынын төрагасы ("Элкарт" НПС оператору, Кыргызстан) Каныкей Жамангулова кызматташтык меморандумуна кол койду. Аталган улуттук төлөм системаларынын жетекчилери эки мамлекеттин аймактарында: Өзбекстанда "Элкарт" карталары жана Кыргызстанда UZCARD карталары менен төлөмдөрдү өз ара кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү масштабдуу биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.

Меморандум эки өлкөнүн карта ээлери үчүн трансчек аралык транзакцияларды жөнөкөйлөтүү, трансчек аралык төлөмдөргө заманбап технологияларды киргизүү, жаңы санариптик чечимдерди илгерилетүү, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу системалар аралык интеграцияны түзүүгө багытталган.

"Банктар Аралык Процессинг Борбору" ЖАК башкармалыгынын төрагасы Каныкей Жамангулова UZCARD төлөм системасындагы өзбек кесиптештерин 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, алардын иштеринде ийгиликтерди каалады: "Улуттук төлөм системасындагы биздин милдетибиз акыркы технологиялык тренддерди ээрчип алуу эмес. Аларды дүйнөлүк масштабда активдүү түзүү. UZCARD менен Меморандумга кол коюу "Элкарттын" узак мөөнөттүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Биздин төлөм системаларыбыздын кызматташуусу Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү элементине айланган кубаттуу аймактык финансылык технологиялык экосистеманы түзүүгө алып келет.

"Банктар Аралык Процессинг Борбору" ЖАК (UZCARD, Өзбекстан) Аткаруучу директору Олимжон Закиров: "Учурда UZCARD Өзбекстандын бардык 35 банкын эмиссия жана эквайринг тармагында тейлейт, ошондой эле 33 төлөм уюму менен кызматташат. Бүгүнкү күндө бизде 18 миллион активдүү карталар, 250 миңге жакын POS терминалдар жана 10 миңге жакын банкоматтар бар. Комиссиялык чыгымдар жана кызматташуунун укуктук аспектилери талкууланууда. Биз бардык катышуучулар – банктар, эквайерлер, эмитенттер жана, албетте, карта ээлери пайда көрүшү үчүн пайдалуу моделин түзүүгө умтулабыз”.

Улуттук төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясы эки өлкөнүн финансылык инфраструктурасы үчүн гана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачпастан, Кыргызстан менен Өзбекстандын башка көптөгөн тармактарында өз ара сооданы, туризмди жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: