super.kg logo

Бишкекте Хонда Фит унаасы кичинекей кызды тебелеп кеткен окуя боюнча милиция үн катты

 

Бишкекте Хонда Фит унаасы кичинекей кызды сүзүп, тебелеп кеткен окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда шаардык милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда саат 21:30дар чамасында калаадагы 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гипермаркеттердин биринин унаа токтотуучу жайынын чыга беришинде орун алган.

2000-жылы туулган Н.Р. аттуу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү өткөргөн соң, кичинекей баланы байкабай калып, сүзүп алган.

Учурда унаа убактылуу айып короого токтотулуп, айдоочусу наркологиядан текшерилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Баланын ата-энеси ооруканага кайрылган.

Буга чейин социалдык тармактарда Көк-Жар кичи районунда Honda Fit унаасы кичинекей кызды сүзүп, тебелеп кеткен видео тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: