super.kg logo

Өлкөдө илим жана техника жаатындагы илимий эмгектерге сынак жарыяланды

 

Президентин администрациясы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысын изденип алууга илимий эмгектерди 11-ноябрдан тартып 11-декабрга чейин кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Маалымдалгандай, кароого 2021-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 11-ноябрына чейинки мезгилде жарыяланган илим жана техника жаатындагы илимий иштердин материалдары кабыл алынат.

"Мамлекеттик тилдеги филология жана адабият таануу боюнча илимий эмгектерден тышкары мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлүүчү илимий эмгектер, автордун 3төн кем эмес статьясы Q3төн кем эмес квартилдеги жана Орусиянын илимий цитаталар индекси ядродогу (РИНЦ), “Scopus” жана “Web of Science” эл аралык маалыматтар базасында индексациялануучу таанылган эл аралык илимий басылмаларда жарыяланууга, ал эми техниканын жаңы түрлөрү, техника жаатындагы илимий иштердин материалдары жана технологиялары беш жылдан кем эмес, ал эми гуманитардык үч жылдан кем эмес өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш.

Эгерде илимий изилдөөнү аткаруу же иштеп чыгуу процессинде административдик же уюштуруучулук функцияларды гана жүзөгө ашырган, жоюлбаган соттуулугу бар адамды Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүүгө жол берилбейт. Мамлекеттик сый акыны изденүүчү талапкердин Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуусу жана илимий эмгектерин тапшыруусу зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кошумча суроолор боюнча (0312) 55-77-64 телефон номерине байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: