super.kg logo

Бишкектеги бассейинге 20 жаштагы жигит чөгүп кетип, каза болду

 

Бишкек шаарындагы бассейиндердин бирине 20 жаштагы жаран чөгүп каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-октябрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 22-октябрь күнү саат 19:40 чамасында милицияга Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейндердин бирине эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Маалыматты тактоо үчүн жерине барган укук коргоо кызматкерлери каза болгон жаран 2004-жылы туулганын такташкан. Ошондой эле маркумдун апасы милицияга уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчү менен арыз жазган.

Райондук ички иштер башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүүнүн жана дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилерин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: