super.kg logo

Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү узартылды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 5-ноябрга чейин узартты. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда БШКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, 7 КТБда (ЦОН), 10 ЖОЖдо жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер ачык түстөгү жилеттерди кийип, жарандарга арыз берүү боюнча квалификациялуу жардам көрсөтүшөт.

5-ноябрь саат 18:00гө чейин аралыктан добуш берүүнү каалагандар:

  • каалаган аймактык же участкалык шайлоо комиссиясына (же убактылуу жүргѳн жериңиз боюнча же туруктуу жашаган жериңиз боюнча) кайрылуу керек;
  • добуш берүүгө ниеттенген аралыктагы участкалык комиссияга кайрылуу керек;
  • «Tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот.

Аралыктан добуш берүү үчүн Бишкектеги шайлоо участкаларынын даректери:

  • Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көч., 547);
  • Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик баатыр көч., 17);
  • К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканасы (А.Огонбаев көч., 242);
  • А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көч., 167);
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (Ч.Айтматов пр., 27);
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (И.Ахунбаев көч., 92);
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (И.Раззаков көч., 51);
  • Туризм академиясы (Чүй пр., 99);
  • Калкты тейлөө борбору (Ч.Валиханов көч., 2).

Ал эми өлкө боюнча аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректери бул жерде.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: