Жалал-Абадда кишини өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды
Жалал-Абад облусунда унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 29-октябрга караган түнү саат 3:30 чамасында Кара-Көл шаарында болгон. Анда унаа сүзүп кеткен жаран кырсык катталган жерде каза болгон.
Бул факты боюнча шектүүнү кармоо иштери жүргүзүлүп, жол тескөөчүлөр Токтогул районунун "Чычкан" көзөмөл өткөрмө жайынан Mercedes Benz 412 үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусун колго түшүрүшкөн.
ЖКККББ шектүү Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.