super.kg logo
  Саясат  

ИИМ жана УКМКнын 5 генералынын наамынан ажыратуу себеби айтылды

 

Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 5 экс-кызматкери генералдык наамдарынан ажыратылды. Бул туурасында бүгүн, 29-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаров буга байланыштуу 10-октябрда атайын жарлыкка кол койгон.

Алагөзовдун айытымында, анын себеби тийиштүү талаптар сакталбай, наамдар мыйзамсыз берилген.

Белгиленгендей, “Генерал-майор” наамы төмөндөгүлөрдөн ажыратылды:

- Ички иштер министринин мурдагы орун басары Алмазбек Орозалиев;

- ички иштер министринин мурдагы орун басары Мирлан Каниметов;

- Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Малик Нурдинов;

- УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев;

- УКМКнын 9-кызматынын (Күзөт кызматы) мурдагы жетекчиси Санжарбек Эркинбаев.

Белгилей кетсек, ага ылайык, президенттин 2020-жылдын 14-октябрындагы генералдык наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктары күчүн жоготту деп табылды. Ал кезде экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү башкарып турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: