super.kg logo
  Саясат  

Министр Бакетаев коррупциядан казынага канча каражат өндүрүлгөнүн айтты

 

Финансы министри Алмаз Бакетаев жемкорлуктан өндүрүлгөн сумманын көлөмү 46 миллиард сом экенин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 29-октябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анда ал депутат Эльвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, айтылган суммадан тышкары дагы бир катар мүлктөр да мамлекетке алынганын кошумчалады. Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Кубанычбек Жаниев мамлекетке алынган мүлктөрдүн так саны боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Эске салсак, 12-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 6 ай ичинде казынадан 70 миллиард сомдон ашык каражат уурдалганы аныкталганын, анын 50 миллиард сому өндүрүлгөнүн маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: