super.kg logo

Мэрия борбордогу "Оберон" жана "Оберон-Форт" базарлары тууралуу билдирүү жасады

 

Бишкектеги "Оберон" жана "Оберон-Форт" базарлары шаардык мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа бийлиги бүгүн, 29-октябрда маалымат таратты.

Айтылгандай, аталган базарлар департаменттин алдындагы “Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар” муниципалдык ишканасы менен келишим жаңыртылгандан кийин кадимки режимде иштей баштайт.

Учурда базарлардагы соода объектилерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, соодагерлер менен келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Бул документ базардагы соодагерлерге өз ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, "Оберон" жана "Оберон-Форт" базарлары кадимки режимде иштейт.

Мындан тышкары базар администрациясынын кызматкерлерине аталган базарларды муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине өткөрүп берүү, базарлардын администрациясында жайгашкан мүлктөрдү инвентаризациялоо, базардын администрациясынын имаратынын эшик кулпуларын алмаштыруу, администрациясынын кызматкерлерине жеке жана баалуу буюмдарды алып кетүүгө убакыт берилди" дешти мэриядан.

Буга чейин УКМК "Оберон Дордой" жана "Оберон Орто-Сай" базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: