super.kg logo

Ошто пара талап кылууга шектүү сот аткаруучу кармалды

 
Ички иштер министрлиги Ош шаарында пара талап кылууга шектүү сот аткаруучу кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, октябрь айында Ички иштер органдарына Ош облусунун тургуну мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупция фактысы боюнча чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.
"Райондордун биринин сот аткаруучусу унааны камактан чыгаруу үчүн 30 миң сом пара алып, кийин опузалап жаткан сумманы азайтып, талап кылып жатканы аныкталган" деп жазылат маалыматта.
Бул факты Ош ОИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси "пара талап кылуу" менен кылмыш иши козголгон.
28-октябрда Ош шаарынын аймагында акча каражатын алып жаткан жеринен Ош шаарынын сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн (САКБ) сот аткаруучусу А.Ж. (мурда ал башка райондук сот аткаруучулар кызматында иштеген, жакында которулган) кармалган.
Министрлик шектүү кармалган учурда андан пара катары алган акча табылганын кошумчалады. Бул факты боюнча тергөөнү Ош облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: