super.kg logo

Өлкөгө сатып алынган экинчи учак "Манас" аэропортуна конду

 
Бүгүн, 29-октябрда Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы үчүн сатып алган экинчи учак "Манас" аэропортуна конду. Бул тууралуу аталган аэропорттун жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бул ички каттамдарды тейлөө үчүн «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы сатып алган төрт учактын экинчиси, үчүнчүсү январь айында, төртүнчүсү май айында келет. Ошентип, 2025-жылдын май айынан тарта төрт учак тең өлкөнүн бардык аймактарына каттап, тургундарга толук кандуу кызмат көрсөтө баштайт.
Талас, Нарын, Каракол, Казарман жана Кербен аэропорттору иштей баштайт. Учурда алар учактарды кабыл алууга толук даяр" деп жазды ал.

Буга чейин эл аралык "Манас" аэропорту бүгүн канадалык DeHavilland Aircraft компаниясынан сатып алынган учактардын экинчиси келерин маалымдаган.

Белгилей кетсек, алгачкы учак Кыргызстанга 6-сентябрда алып келинген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: