super.kg logo

Тажикстандын президенти "лайк" үчүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды

 

Коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон укук коргоо кызматкерлеринен социалдык тармактарда "жакты" белгисин баскандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, шейшемби күнү Рахмон Душанбе шаарында жогорку квалификациялуу аскер кызматкерлерин даярдоочу мамлекеттик мекеменин ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн.

Анда Тажикстандын лидери укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, алардын ишмердүүлүгүндө олуттуу жыйынтыктар менен катар көптөгөн кемчиликтер да бар экенин белгилеген.

"Мисалы, укук коргоо кызматкерлери социалдык тармактарда тараган видеоматериалдарга "жакты" белгисин баскандарды далил катары карашууда. Анын натыйжасында эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат", - деген Рахмон.

Башкача айтканда, айрым бийлик өкүлдөрү аларга карата негизсиз кылмыш ишин козгоп жатканын президент түшүндүрдү.

"Бул аракеттер токтотулушу керек", - деди Рахмон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: