super.kg logo

Америкалык рэпер P. Diddy'ге жаңы айыптар коюлууда

 

Америкалык музыкалык продюсер жана рэпер Шон Комбска (P. Diddy) жаңы айыптар коюлууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы 10 жаштагы Жон Доу (аты өзгөртүлгөн) ата-энеси менен Нью-Йоркко учуп келип кастингге катышкан. Рэпер аталган кастингдин жыйынтыгы менен жаш таланттарды тандамак. Бирок 10 жаштагы өспүрүм P. Diddy тарабынан зордукталып, баңгизат колдонууга мажбурланган.

Жабырлануучунун арызына караганда, окуя Мэдисон Сквер Гардендин жанындагы мейманканада болгон. Анда жаш ырчы P. Diddy үчүн бир нече ырларды аткарып берген. Ал эми 54 жаштагы рэпер өспүрүмгө таанымал кылам деп убада кылган.

Учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 18-сентябрда 54 жаштагы Шон Комбс "ири көлөмдөгү кылмыштуу иштерди уюштурган", ал адам сатуу жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыпталган. Ал камакка алынып, Бруклиндеги федералдык түрмөдө күрөөсүз кармалып турат. Ал эми рэпер ага каршы айтылган бардык айыптарды четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: