super.kg logo
  Саясат  

Депутат Маткеримов мектеп директорлорун тандоо сынагындагы кемчиликтерди атады

 

Бүгүн, 30-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов мектеп директорлугуна тандоо сынагында кемчиликтер болуп жатканын айтты.

Ал сынак оор түзүлүп калганын белгилеп, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр дагы орун алып жатканын билдирди.

"Мугалимдер сынак оор болуп калганын айтышып, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү суранып жатышат. Сынактын татаалдыгынан жалпы 2 миң 377 мектеп болсо, анын 401инде директордун милдетин убактылуу аткаруучулар отурат. Ошону менен бирге мунун артынан кээ бир жергиликтүү билим берүү мекемелеринин башчылары өздөрүнчө коррупциялык схеманы түзүп алышыптыр. Камчыбек Ташиев ден соолугуна карабай коррупция менен күрөшүп жатканда, бул мамлекеттик кызматкерлердин кылыгы аянычтуу. Анткени кээ бир сынакка катышуучулардын документтерин билим берүүнүн бөлүм башчылары атайын туура эмес берип коюп жатышат", - деди Маткеримов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: